Бишкекте коменданттык саат учурунда унаасына сойкуларды салып жүргөн Бишкектин Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери УКМК тарабынан кармалды. Бул окуя 28-мартта болгонун Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянуу менен жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын өкүлү кызматтык унаасына денесин сатып иштеген кыздарды салып жүргөн. Карантиндик посттон кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп ары-бери өтүп турган. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы маалым болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн