Бишкете жарандык коом өкүлдөрү менен активисттер сөз эркиндигин коргоо үчүн митингге чыгышты.
Жогорку Кеңештин алдында өтүп жаткан митингге 50гө жакын адам катышууда.
29-июнда ЖКнын тиешелүү комитети тарабынан “Жалган жана такталбаган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынган.
Митингге чыккандар бул мыйзамдын кабыл алынышын сөз эркиндигине кысым катары баалап жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн