Бишкекте сушиге уулангандардын саны 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ууланган адамдардын бирөө ооруканада дарыланууда. Калган жарандарга алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Алар амбулатордук түрдө дарыланууда.
Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору массалык уулануу боюнча изилдөө жүргүзүүдө.
24-октябрда "Империя пицца" кафелер тармагынан суши буйрутма берип 12 адам ууланганы кабарланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн