Бишкекте шаар тургунун алдап, 50 миң сом алып качып кеткен жаран колго түшүрүлдү. Ага карата "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши ачылды дешет Ленин РИИБдин маалымат кызматынан.
Маалыматка караганда, 16-июнда шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда М. аттуу таанышы унаасын сатып берерин убадалап, көрсөткөн жардамы үчүн алдын ала 50 миң сом алып изин жашырып кеткени айтылган.
Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. "Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 17-июнда шектүү катары 1992-жылы туулган Д.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, жогун аныктоо боюнча иш-чаралар аткарылууда", - дешет мекемеден.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(508) 384-242 же 102.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн