КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-сентябрда жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында террористтик багыттагы өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн Н.А.А. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалды.
Такталгандай, кармалган адам КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн жана Бишкек шаарында жашырынып жүргөн.
Сот органдарынын чечими менен кармалган Н.А.А. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн