Бишкекте коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу той жана үлпөт тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу "Биринчи радиого" саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Чечим бар, аны бүгүн кечке жуук же эртең жарыялайбыз", — деди Бейшеналиев.
Анын айтымында, COVID менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын бүгүнкү кеңейтилген жыйынында чечим кабыл алынат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн