Борбор калаада троллейбустардын кыймылы толугу менен токтотулгандыгын Бишкек мэриясынын билдиришти.
Бул калаада бүгүн-эртең өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына байланыштуу болуп жатканы айтылды.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.
Эске салсак, кечээ муниципалитеттен Бишкекте төрт троллейбус (№ 5, 6, 11, 14) саат 8:00дөн тарта линияга чыкпай турганын кабарлашкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн