Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте түнкү клубдардын биринде баңгизат жайылткан диджей кармалды

10.04.2021 06:48
627
Бишкекте түнкү клубдардын биринде баңгизат жайылткан диджей кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан борбор калаадагы түнкү клубдардын биринде баңгизаттарды сатуу менен алектенүүчү каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн «Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында азиат түспөлүндөгү 30-32 жаштар чамаларындагы жаран баңгизаттарды сатуу менен алектенүүчү туруктуу каналын жөндөп алганы аныкталган.    

Жеткиликтүү далилдин болуусунун негизинде сотко чейинки иликтөөнүн алкагында ИИМдин БМЖКККнын жана Октябрь РИИБнүн Тергөө кызматынын кызматкерлери, ИИМдин «Шумкар» АБПнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин колдоосу менен тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда 1991-ж.т., К.У. аттуу аталган клубдун барында диджей болуп иштөөчү, коңшу мамлекеттин жараны кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүүдө шымынын чөнтөгүнөн кендир жытына ээ болгон кара-күрөң түстөгү зат табылып алынган. Ошондой эле анын бөлмөсүн тинтүүдө аталган затка окшош зат алынган. 

Сотко чейинки өндүрүш иши жана аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн