Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте үч адамдын өлтүрүлүшү. Айыпкер өмүр бою эркинен ажыратылды

Бишкекте үч адамдын өлтүрүлүшү. Айыпкер өмүр бою эркинен ажыратылды


Бишкектин Октябрь райондук сотунда борбор калаанын 5-кичирайонунда аялды эки баласы менен өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевге карата соттук териштирүү аяктады.


Кеңешме бөлмөсүнөн чыккандан кийин судья Надырбек Токтосунов өкүмдү окуп, ага ылайык, Чынтемир Аширалиев өзүнө тагылган кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал жазасын өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.


Ошондой эле сот жабырлануучу тараптын пайдасына 671,5 миң сом өндүрүү жана 3 миллион сом моралдык зыяндын ордун толтуруу чечимин чыгарган.


Буга чейин соттолуучу күнөөсүз экенин айтып келген. Прокурор жана жабырлануучу тараптын жактоочусу соттон Чынтемир Аширалиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты. Ошондой эле жактоочу тарап айыпталуучудан 4 миллион 671 миң 590 сом материалдык жана моралдык чыгымды өндүрүп берүүнү суранды.


Белгилей кетсек, 16-октябрдагы соттук отурумда үч адамдын өлүмүнө айыпталган Чынтемир Аширалиев алгачкы көрсөтмөсүнөн толугу менен баш тартып, эч кимди өлтүрбөгөнүн, аларды куткарууга аракет кылганын билдирген. Анын айтымында, Алтынай Канзаманова тогуз жаштагы уулун өлтүрүп, андан кийин кызы ага кол салып, андан соң кыз өзү терезеден секирип кеткен.


Эскерте кетсек, 16-февралда 5-кичирайондогу батирлердин биринен аялдын эки баласы менен жансыз денеси табылган. Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Ал УКМКнын мурдагы кызматкери болуп чыккан. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилген. Кийинчерээк Борбордук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги чуулуу кылмыштын чоо-жайын жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн