Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 14:56
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкекте үч көчөнү оңдоо иштери аяктады

10.08.2021 14:14
606
Бишкекте үч көчөнү оңдоо иштери аяктады

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы ордо калаадагы үч көчөнү оңдоп бүттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, жасалган жолдун бардыгына белгилер орнотулуп, тротуарлар салынган.


"Леваневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиевге чейинки бөлүгү, тагыраагы, 780 метр жер оңдолуп, ачылды. Мындан сырткары, айдоочулар эми Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү менен жүрө алышат. Оңдолгондон кийин бул жолдун туурасы кеңейип, эки жагына тең жөө адамдар баса турган тротуарлар салынды. Васильев көчөсүнүн Манас проспектинен Түлөбердиев көчөсүнө чейинки бөлүгү да жасалып бүттү", — деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн