Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте үчүнчү түнкү стационар ишке кирди

17.07.2020 17:35
727
Бишкекте үчүнчү түнкү стационар ишке кирди


Бишкек шаарында үчүнчү түнкү стационар ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, түнкү стационар 45 орунга ылайыкташтырылган. 


Октябрь районунун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан "Салтанат" ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун колдоосу менен ачылды.


"Эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ушундай кыйын учурда шаардыктарды колдоо үчүн ишкерлер, кайрымдуу адамдар кол сунуп, жардам берүүдө. Бүгүн Октябрь районунун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан "Салтанат" ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун колдоосу менен ачылды", - деп айтылат маалыматта. 


Мындан тышкары, борбор калаада ооруган жарандарды дагы эки түнкү стационар кабыл алууда. Алар: 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплекси жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» рестораны.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн