Бугу 12, 2024
Убакыт: 22:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар иретке келтирилет

20.09.2021 11:43
698
Бишкекте унаа токтотуучу жайлар иретке келтирилет

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын унаа токтотуучу жайларынын заманбап системасын түзөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.


Бишкек шаарынын мэриясы жакынкы аралыкта борбор калаадагы унаа токтотуучу жайлардын системасын модернизациялоо боюнча иштерди баштоого ниеттенүүдө.


Бул шаардагы унаа токтотуучу жайлардын ишин иретке келтирүүгө багытталган.


Бул системаны, биринчи кезекте, шаардын көчөлөрүндө иштеп жаткан муниципалдык унаа токтотуучу жайларда, базарларда, сейил бактарда, эл көп чогулган жерлерде модернизациялоо пландалууда.


Келечектеги унаа токтотуучу жайлар аппараттык жана программалык комплекстерге негизделген заманбап системалар менен жабдылат, бул оператордун катышуусун кыскартат.


Натыйжада шаардагы бардык унаа токтотуучу жайлар иретке келтирилип, шаар тургундары заманбап, таза унаа токтотуучу жайларга ээ болушат.


Бул маселени тез арада чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясында жумушчу топ түзүлүп жатат.

Мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан демилгелер тууралуу коомчулукка системалуу түрдө маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн