Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте үйгө кирем деп терезеге кыпчылып калган киши боюнча маалымат берилди

28.04.2021 14:18
871
Бишкекте үйгө кирем деп терезеге кыпчылып калган киши боюнча маалымат берилди

Бишкекте эркек киши терезенин темир торуна эмнеге кыпчылып калганы белгилүү болду. Окуя кечээ "Улан-2" кичи районунда катталган. 54 жаштагы киши терезе аркылуу мурдагы жубайынын батирине кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди


Адегенде милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кыпчылып калган адамды ууру деп ойлошкон. Бирок сурак учурунда жаран аялы менен ажырашып кеткени белгилүү болду. Ал дайыма мурдагы аялына жолугуунун жолун издеп тажата берген. Мындан улам аялы терезенин сыртына темир койдурткан. Ага да карабастан батирге кирүүгө аракет кылып жатканда терезенин сыртына тосулган темирге кыпчылып калган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн