Бишкек шаарына Өзбекстандан келген 100 автобус каттамга чыкпай турат. Мындай пикирин Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозов Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.
Анын айтымында, ал автобустарга айдоочу жок болуп турат.
"Өзбекстандан жалпы 210 автобус келген. Алардын 110ну бүгүнкү күндө шаардыктарды тейлеп жатат. Калган 100 автобус каттамга чыкпай турат. Анткени аларга айдоочу жок болуп жатат. Айдоочулар айлык аз болгондуктан келбей жатат. Көпчүлүк айдоочулар чет өлкөгө кетүүдө",- деди вице-мэр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн