- Бишкекте жамгырдан кийин көчөлөрдү суу басып, адамдар кайык менен жүрөт. Бул тууралуу Болот Ибрагимов Фейсбук баракчасына видео жайгаштырды.
Тасмадан байкалгандай, Бишкектин батыш тарабынан кире беришинде токтобой жааган жамгырдан көчөлөрдү суу баскан. Ал жердеги белгисиз адам суунун үстүндө кайыкта отурганын көрүүгө болот.
Суу өтүп жаткан унаалардын жарымынан келип жатканын байкоого болот.
Пикирлер (1)