Бүгүн, 27-декабрда жаңы Салык кодексине каршы эки жерде митинг өттү.
Митингдердин бири "Дордой-Дыйкан" базарында өттү. Базар соодагерлери кассалык аппараттарды колдонууга каршы экенин билдиришти.
Ушундай эле максатта 100 чакты киши өкмөт үйүнүн алдына чогулду. Алар президенттен аталган мыйзам долбоорун артка кайтарып алууга чакырды. Алардын талабы кабыл алынбаса мөөнөтсүз акция жарыялай турганын билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн