Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 21:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте жаңы ачылган стационарлар алгачкы бейтаптарды кабыл алышты (фото)

04.07.2020 17:50
1587
Бишкекте жаңы ачылган стационарлар алгачкы бейтаптарды кабыл алышты (фото)

 

Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарында саатына 700 бейтапты тейлей туган төрт күндүзгү медициналык-стационардык борбор ачылган. Учурда аталган борборлордун экөөсү алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ленин районундагы "Газпром" спорткомплексинде жана Биринчи Май районундагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда негизделген борбор бейтаптарды кабыл ала баштады.


Белгилей кетсек, жаңы ачылган стационарлар курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн ачылды. Мында ошондой эле капельница дагы алса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн