Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 20 жаштагы жигит кулап түшкөн. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга кабар 5-май күнү саат 11:50дө түшкөн.
Окуя болгон жерге тез жардам унаасы келип, биринчи жардамды көрсөткөнүнө карабай, ооруканага бара жатып каза болгон.
Бул иш КЖБРне катталып, милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн