Бишкек шаарындагы 100 орундуу жаңы жугуштуу оорукананы куруу иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө, деп маалымдады Республикалык штабдын басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, азыркы учурда биринчи, экинчи жана үчүнчү блоктордун пайдубалдары толук бүтүп, 1чи жана 2чи блоктордо кайра шагыл кум аралашмасы менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле төртүнчү блоктун – пайдубалын бетондоо иштери 60%га аяктады. Андан сырткары дубалдардын темир конструкциясы жана чатырдын фермасы даярдалууда. Учурда объектте тиешелүү техникалар тартылып жана 50 жумушчу иштеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн