Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:20
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз басып алган жаран кармалды

02.11.2023 09:45
339
Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз басып алган жаран кармалды


Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз басып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Ленин айыл өкмөтүнөн материал келип түшкөн. Анда айтылгандай, “Ак-Жар” конушун кыдыруу учурунда уруксаты жок мыйзамсыз куюлган пайдубалдар табылган.


Аталган факты маалымат журналына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин «Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу» боюнча кылмыш иши козголгон.


Ыкчам иш-чаранын натыйжасында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн