Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте жылдын мыкты спортчулары сыйланды

28.12.2023 13:58
1204
Бишкекте жылдын мыкты спортчулары сыйланды


Бишкекте жылдын мыкты спортчулары сыйланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, салтанатта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев спорт коомчулугунун өкүлдөрүн куттуктады.

«Биз бул жерге чыныгы баатырларыбыздын эрдиктерин жана жетишкендиктерин дагы бир жолу даңазалоо үчүн чогулдук. Быйылкы жыл Кыргызстан, анын ичинде Бишкек шаары үчүн спорт тармагында жемиштүү болду деп ишенимдүү айта алам», - деп белгиледи мэр.

Спортчулар Бишкек шаарында бардык курактагы жарандар арасында спортту жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн борбор калаанын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

“Жылдын мыкты спортчусу” номинациясында жеңүүчүлөр:

1. Урайимов Сыймык – бильярд;
2. Пягай Богдан – таэквондо;
3. Абдувалиев Жалалидин – паратриатлон;
4. Тугай Мария – баскетбол;
5. Арваз Ахмади – бокс;
6. Талантбеков Акылбек – грек-рим күрөшү;
7. Талантбекова Арууке – ок атуу;
8. Сейдахматов Байымбет – тогуз коргоол;
9. Муратбек уулу Ишимбек – оор атлетика;
10. Нурматов Евгений – кол күрөшү;
11. Орозмаматов Адис – дзюдо;
12. Сагынбекова Жибек – шахмат;

“Жылдын мыкты машыктыруучусу” номинациясында жеңүүчүлөр:

1. Мавлянов Акжол Даминович – бильярд жана велоспорт (бильярд) боюнча спорт мектеби;
2. Ташболот уулу Нуржигит – Р.Санатбаев атындагы спорт мектеби (күрөш);
3. Ханадеев Андрей – «Дельфин» спорт мектеби (партриатлон);
4. Каримбердиев Замир – спорттук оюндар боюнча спорт мектеби (футбол);
5. Моңолдоров Болот – күжүрмөн искусство спорт мектеби (бокс);
6. Альжанов Мирлан – «Ак Илбирс» спорт мектеби (грек-рим күрөшү);
7. Исмаилова Мэри – С.Жуманазаров атындагы спорт мектеби (ок атуу);
8. Анарбаев Автандил – улуттук жана стол үстүндөгү спорттун түрлөрү боюнча спорт мектеби (кыргыз күрөш);
9. Баимов Нурманбет – оор атлетика боюнча спор мектеби (оор атлетика);
10. Алчинов Олег – стол тенниси, паралимпиада жана күч спорту мектеби (пара-кол күрөшү);
11. Дуйшеев Бакыт – «Олимп» спорт мектеби (каратэ-до);
12. Боргемикова Жылдыз – шахмат (шахмат) боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби;

Мыкты спорт ардагерлери:

1. Маматов Дайыр – шахмат боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби;
2. Султанова Зинаида Дмитриевна – С.Жуманазаров атындагы спорт мектеби;

«Мыкты инструктор» номинациясын Алиев Аман Эркинбекович (Октябрь району) жеңип алды.

«Мыкты дене тарбия мугалими» номинациясын Лариса Сусеева (Биринчи май району) жеңди.

«Мыкты муниципалдык аймактык башкаруу» номинациясын №18 МАБ алды.

«Мыкты билим берүү уюму» номинациясы №95 мектеп-гимназиясына (Ленин району) берилди.

«Жаштардын мыкты өкүлү» номинациясы Гүлмира Жумаматовага (ЭИТУнун студенттик кеңешинин төрайымы) ыйгарылды.

«Мыкты медиа өкүлү» номинациясын журналист Бакыт Шүкүралиев ("АКИpress" маалымат агенттиги) алды.

Бишкек шаарынын мэриясы сыйлык ээлерин татыктуу сыйлыктары менен куттуктайт жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн