Бишкекте шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук кайрадан бериле баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жылуулук Бишкек мэриясынын буйругу чыкканча берилип турат.
Эске салсак, борбор калаада жылуулук берүү сезону 19-мартта токтотулган болчу.
Ал эми, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 25-27-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун эскерткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн