Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 16:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте жол кире акысын көтөрүү кийинкиге жылдырылды

14.01.2024 13:24
274
Бишкекте жол кире акысын көтөрүү кийинкиге жылдырылды


Жол кире акысын көтөрүү кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, тариф Бишкек шаардык кеңештин токтому расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин көтөрүлөт.


«2023-жылдын 27-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга тарифти накталай эмес төлөмгө 17 сомго, накталай төлөмгө 20 сомго, микроавтобустар үчүн накталай төлөмгө 20 сомго көтөрүү боюнча депутаттар жалпы добуш берүү менен бекитишти. Жаңы тарифтерди жаңы жылдын 15-январындагы майрамдардан кийин киргизүү пландаштырылган. Бирок дем алыш жана майрам күндөрүнө байланыштуу токтом долбоорун жактыруу процедуралары аягына чыга элек. Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, кабыл алынган ченемдик-укуктук актылар документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет», — деп билдирди мэрия.


Борбор калаанын тургундары жана коноктору жаңы тариф киргизилгенге чейин мурдагы тариф менен жүрө беришет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн