18-апрелде түнкү саат 23дөр чамасында Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Лого" жана "Хонда фит" унаасы кагылышты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдирди.
Маалым болгондой, "Хонда фит" унаасы "Хонда Лого" менен кагылышкандан кийин качам деп жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына таянсак, эки унаа айып аянтына киргизилген. Ал эми жөө жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн