Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен 34 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен 34 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти делген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 29-августта болжол менен саат 21:20да белгисиз айдоочу унаасы менен Жибек-Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен 46 жаштагы Б.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.


Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, шектүү катары Kia Ceed унаасынын 34 жаштагы К.Т. аттуу айдоочусу кармалган.


Шектүү тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн