Бишкекте уулдуу болгон жаш үй-бүлө ымыркайына кыргызстандык спортчу, XXXII жайкы Олимпиадасында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовдун ысымын ыйгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине наристенин атасы Максат Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы көз алардын тун наристеси.
"Уулубуз спортчу Акжол Махмудов 2-август күнү Олимпиаданын финалына чыкканда жарык дүйнөгө келди. Балбандын кармашын телевизордон көрүп, финалга чыкканына кубанып, кайра төрөтканага кеттим. Ал жерге барарым менен уулдуу болгонумду айтып сүйүнчүлөштү. Ошол эмоциянын күчү менен апам, агамдарга кеңешип, келечекте Акжол Махмудовдой балбан, эл уулу болсун деп ырымдап, атын Акжол койдук", — деди Үсөнбаев.
Булак: "Спутник Кыргызстан"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн