Бишкек мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жума намазы, айт намазы жана ифтар сыяктуу даваат жана коомдук иш-чараларды өткөрүүнү убактылуу токтотууну сунуштады. Бул маалыматты АКИpress агенттигине борбордун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирген.
Кундашев белгилегендей, акыркы чечимди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабыл алат.
Эске салсак, Бишкекте 23-апрелде эртең менен коронавирустун 148 учуру аныкталды.
КМДБ бул маселе каралып жатканын билдирди.
Пикирлер (1)