Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка ээлери кайрадан иш таштайт

23.04.2021 10:45
1039
Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка ээлери  кайрадан иш таштайт

Бишкекте 3-майда жүргүнчү ташыган маршрутка ээлери кайрадан иш таштайт. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди. 


Маалыматка караганда, №212, №260 жана №137 маршруткасын айдаган айдоочулар иш таштайт.

Алар жол киреге болгон бааны 20 сомго көтөрүүнү талап кылышат. Анткени турмуш-тиричиликтин башка тармактары да кымбаттаган, айрыкча күйүүчү май.

"Бул маселе биздин гана айдоочуларды эмес, бардык маршрутка айдагандарды ойго салууда. Акыркы кезде кымбатчылык күч алды. Күйүүчү май 50 сомго жакындады. Балбак Түлөбаев маселени чечем деген менен кызматтан кетти. Маселе шаардык кеңеште каралат деген менен эч нерсе чечиле элек",- деп билдирген "Альянс БУС" мекемесинин жетекчиси.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн