Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектеги Юг-2 кичирайонундагы үйлөргө жаңы лифт орнотулду

12.09.2022 15:19
645
Бишкектеги  Юг-2 кичирайонундагы үйлөргө жаңы лифт орнотулду



Шаардын Юг-2 кичирайонунда, №8 имаратта пилоттук долбоор катары жаңы лифт орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Борбор калаанын мэриясы лифт өндүрүүчүлөрдөн түшкөн коммерциялык сунуштарды иликтеп чыгып, ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн “Кыргыз унаа курулуш” ишканасын тандоо чечимине келген.


Бул компаниянын лифттеринин баасы башкалардыкына салыштырмалуу арзан.


Эски көтөргүчтү демонтаждоо жана жаңысын орнотуу, ошондой эле «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин окутууну компаниянын өз каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн.


Жүргүнчү лифт 8 аялдаманы түзөт, жүк ташуу көлөмү 320-450 кг.


Азыр лифт ишке киргизүү стадиясында турат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн