Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйү COVID-19 коронавирус инфекциясы менен ооруган кош бойлууларды гана кабыл алат.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, төрөт үйү мындай иштөө режимине 26-июнда өткөн. Анда 70 койко орун даярдалган.
«Ушул мекемеге караган бардык кош бойлуулар борбордогу башка төрөт үйлөрүнө жөнөтүлөт. Мындай режим эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланмакчы», - дейт ведомстводон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн