Бишкектеги №67 мектептеги окуучудан кургак учук аныкталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуучудан дарт аныкталгандыгы 7-мартта белгилүү болгон.
"Мындан улам ал бала окуган класстын ата-энелери менен медиктер чогулуш өткөрүп, мектеп эки күн (11-12-март) онлайн окууга тараган. Мектеп толугу менен дезинфекцияланды", — деп жазылат кабарда.
Ооруп калган окуучу менен байланышта болгон бардык окуучулар жана мугалимдер рентгенден өтөрү кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн