Бүгүн, 20-августта Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынан азиат улутундагы белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Патрис Лумумба көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынан азиат түспөлүндөгү, жашы болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери башталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн