Бишкектеги ар бир үчүнчү окуучу дистанттык сабакка катышпай жатат. Мындай пикирин калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык кеңештин атайын комиссиясынын жыйынында билдирди.
“Ачыгын айтканда көпчүлүк окуучулардын онлайн сабак өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошол эле учурда мектептерди ачууга кырдаал жол бербей жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги мектеп менен бала бакчаларды ачпоого чакырууда. Борбор калаада оорукандардын саны көбөйүп жатат”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн