Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан Столовой №1 ашканасынан 22 адам тамакка ууланган. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, окуя 25-26-май күндөрү орун алган. 9 адам Токмок шаардык ооруканасына, 13 адам Чүй облустук ооруканасына ууланып түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча уулангандар бризоль тамагынан ууланган болушу ыктымал. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Ашкана жабылып,15 миң сом айып пул салынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн