Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:13
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкектеги аялдардын митинги жыйынтыкталды деген менен элдер кете элек

10.03.2020 13:24
1506
Бишкектеги аялдардын митинги жыйынтыкталды деген менен элдер кете элек


Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында бүгүн, 10-мартта аялдардын укугун коргогон тилектештик акциянын катышуучулары тарабай жатышат. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.


Экс-президент Роза Отунбаева баш болуп катышып жаткан тынчтык митингинде аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун токтотулушун, алардын бирдей укуктуулугун камсыздоо, саясий иштерге катышуусуна чектөөнү тыюу, жарандык позицияларын ачык билдирүүгө эркиндик берүү жана башка бир топ талаптар коюлду. 


Ошондой эле, 8-март күнү болгон маршта аялдардын айрым тобуна милиция кызматкерлери жана чагымчыл топтордун айымдарга көрсөткөн аракеттерине чара көрүлүшүн талап кылышкан. 

   

Учурда уюштуруучулар тарабынан митинг жыйынтыкталсын деп айтылганы менен элдер толук таркай элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн