Бишкекте №145 балдар бакчасынан башка бардык билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтуусунда, аталган бала бакча карантинге жабылган. "Ал жерде бала бакчанын башчысы менен тарбиячыдан коронавирус аныкталган", - деди ал.
Мозгачева калаада расмий түрдө үч окуучудан COVID-19 табылгандыгын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн