Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкектеги ботаникалык бакчада милиция кызматкери асынып алган

Бишкектеги ботаникалык бакчада милиция кызматкери асынып алган


Ботаникалык бакчада асынып алган милиционер табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 5-февралда А.Ү. аттуу жаран 1979-жылы туулган күйөөсү Ж.Б.ны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып, ал даны милиция кызматкери экенин билдирген. Анын айтымында, 4-февраль күнү эртең менен күйөөсү 6-кичирайондогу үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.


Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.


6-февраль күнү күндүзгү саат 2лер чамасында милиция кызматкерлери Ж.Б.нын жансыз денесин Шопен көчөсүндөгү Ботаникалык бакчада асылган абалда табышкан.


Сөөктү кароодо денесинен көзгө көрүнгөн жаракаттар табылган эмес, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.


Учурда тергөөгө чейинки тергөө иштери уланууда.


Маалыматтарга караганда, маркум Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Б.Жумашев.


Эске салсак, 5-февралда шаардыктар Ботаникалык бактын аймагында милиция кызматкерлери жүрүшкөнүн билдиришкен. Октябрь РИИБ милиция кызматкерлери селсаяктарды издеп, тоңуп калбашы үчүн баш калкалоочу жайларга өткөрүп жатышат деп жооп берген

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн