Бишкек шаарындагы 2 мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу "Спутник" сайты жазды.
Белгилүү болгондой, окуучулар окуган класстар онлайн окуу форматына өтөт.
Буга байланыштуу мэрия ата-энелерге кайрылуу жасады.
"Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринде коронавирус белгилери байкалса, сөзсүз ПЧР тесттен өтүңүздөр. Сиздин балаңыз оору ташуучу болуп калбасын. Оору аныкталган учурда сөзсүз түрдө мектеп администрациясына билдириңиз. Балаңыздын анализи анык болгондон кийин гана мектепке жөнөтүңүз",- деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн