Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бишкектеги эки шайлоо округунда шайлоо өттү деп эсептелет

28.02.2022 14:14
8260
Бишкектеги эки шайлоо округунда шайлоо өттү деп  эсептелет

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурлан Койчукеев Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округунда шайлоо өттү деп эсептелгенин билдирди.


Анын айтымында, жалпы шайлоочулардын 26 пайызы добушка катышканына карабастан шайлоо өттү деп эсептелет.


"Шайлоого катышуу көрсөткүчү аз болду. Ага карабай шайлоо өттү деп эсептелет.

Азыркы учурда кол менен саноо аяктады. Анын натыйжасында Биринчи Май шайлоо округунан Эльвира Сурабалдиева, Биринчи Май шайлоо округунан Абдурахманхажи Муртазалиев жеңди.


Бул расмий жыйынтык эмес. Анткени шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар, даттануулар толук каралып бүткөндөн кийин расмий жыйынтык чыгарылат",- деди БШКнын мүчөсү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн