Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 14:11
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкектеги эски аянттагы Лениндин ордуна Усубалиевдин эстелигин орнотуу сунушталды

15.01.2025 13:25
270
Бишкектеги эски аянттагы Лениндин ордуна Усубалиевдин эстелигин орнотуу сунушталды


Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Бишкектин райондорунун аталышын жана Эски аянттагы Владимир Лениндин эстелигин алмаштырууну сунуштады.


Анын айтымында, Эски аянтка Турдакун Усубалиевдин эстелигин орнотуу зарыл.


"Бишкектин Эски аянтына 2020-жылы Турдакун Усубалиевдин аты ыйгарылган. Ошол жерде Лениндин эстелиги турат. Анын ордуна Усубалиевдин эстелигин коюш керек. Анын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымын баарыбыз жакшы билебиз. Мындан тышкары, Бишкектеги төрт райондун аттарын өзгөртүү боюнча дайыма айтып келем. Өлкөдөгү бардык аталыштарды бир өзгөртүү боюнча мыйзам даярдоого тапшырма берсеңиздер. Баарын бир кабыл алып коелу", — деди эл өкүлү.


Ал мындай сунушту буга чейин берип, натыйжа болбой келгенин кошумчалады.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн