Бишкектеги эс алуу жайлардын биринде 17 жаштагы өспүрүм бычактан жаракат алганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 03:39дар чамасында “102” кызматына Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайлардын биринен массалык мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Жеринде 17 жаштагы С.У. аттуу өспүрүмдү белгисиз жарандар бычак менен жарадар кылып кеткендиги аныкталган.
Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Д.Б. аттуу жаран кармалган. Ал Биринчи май райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилген.
Атлаган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн