Бишкектеги клубдардын биринде иштеген ди-джейди атып кетишти. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-февралда Чыгыш-5 кичи районунун үйлөрүнүн биринин кире беришинде "312" клубдун ди-джейи атып өлтүрүлгөн. Жабырлануучунун денесинен жүрөк аймагындагы эки ок жаракаты табылган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн