Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектеги көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын иштөөсүнө киргизилген чектөө алынды

21.06.2021 17:45
1009
Бишкектеги көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын иштөөсүнө киргизилген чектөө алынды


Бишкектеги көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын иштөөсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

“Чектөөлөрдү алуу чечими мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кубайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин кабыл алынды.

Тактап айтканда, жолугушуудан кийин шаардык штабдын кезексиз жыйыны өтүп, комиссиянын көпчүлүгү киризилген чектөөнү алуу боюнча добушун беришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган жайлардагы санитардык талаптардын аткарылышы боюнча жоопкерчиликти жетекчилер өз моюндарына алышты.

Эскерте кетсек, шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 17-июндан тарта түнкү клуб, ресторан, кафе, тез тамактануучу жай, караоке жана барлар кечки саат 23:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин иштеген эмес. Чектөө соода түйүндөрдөгү көңүл ачуучу жайларга да тиешелүү болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн