Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкектеги күндүзгү стационарларда 47 миңден ашуун адам дарыланууда

18.07.2020 19:53
1069
Бишкектеги күндүзгү стационарларда 47 миңден ашуун адам дарыланууда

Бишкек шаарында 18-июлга карата күндүзгү стационарлар 45 миң 403 адамды кабыл алды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. 


Маалыматка караганда, жалпы 45 миң 403 адамдын ичинен 32 миң 722 адам капельница алып, 21 миң 425 – дарыгердин консультациясын алды, 246 адам ооруканага жаткырылды. Төрт күндүн ичинде түнкү стационарлар капельницага жана консультацияга 1759 адамды кабыл алып, 10 адам ооруканага жаткырылды.


Белгилей кетсек, борбор калаанын ишкерлеринин колдоосу менен стационарлар кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен жабдылып, көчмө дарыканалар ачылган. Күндүзгү стационарларда 115 кычкылтек концентратору жана 23 дарыкана иштейт, түнкү стационарларда – 51 кычкылтек концентратору жана 5 дарыкана бар.


Жеринде дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчыялар командасы нөөмөттө турат. Персонал жана ишке тартылган адистер жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш, убактылуу турак жайы менен камсыздалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн