Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 04:55:37
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкектеги мечит, медресе жана намазканалар казыят тарабынан текшерилет

Бишкектеги мечит, медресе жана намазканалар казыят тарабынан текшерилет

Бишкек шаардык мусулмандарынын казыяты калаадагы мечит, медресе, окуу борборлордун, намазканалардын ишмердүүлүгүн текшере баштады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошондой эле тиешелүү документтер текшерилип, имамдарга бар катар тапшырмалар берилүүдө.

«Бүгүн Асанбай кичи районунда жайгашкан «Асанбай» намазканасынын ишмердүүлүгүн текшердик. Мындан ары Бишкек шаардык казыятка караштуу болгон шаарыбыздагы жалпы мечит, медресе, окуу борборлору, намазканаларды текшерип, алардын документтерин карап чыгабыз. Муну менен катар тазалыктарын карап, имамдарга тиешелүү тапшырмаларды берип жатабыз», - деди казынын орун басары Талантбек Темирбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн