Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн. Мындай маалыматты мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.
«14 жашка чейинки балдар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда, борбор калаадагы мектептер III чейректен баштап штаттык режимде иштөөгө өтөт», - деп билдирди ал.
Ошондой эле К. Кундашев, Бишкектеги жеке менчик мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режимде окутуп жатканын эскерте кетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн