Бишкектеги "Көк-Сай" курулуш базарынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат 13-апрелде саат 23:59да түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган.
Ичинде пластик, жыгач эшик-терезе, унитаз, эмерек чыгаруучу цехтерден жана “Евразия” базарынын боек капмасынан чыккан өрт саат саат 01:33тө чектөөгө алынып, саат 03:45те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн