Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:08
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкектеги стационарлардан 61 миңден ашык жаран медициналык жардам алды

22.07.2020 10:55
958
Бишкектеги стационарлардан 61 миңден ашык жаран медициналык жардам алды


Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарларга өткөн суткада 3 миң 528 адам, түнкү стационарларга 654 адам кайрылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жалпысынан күндүзгү стационарларга 56 миң 939 адам кайрылды, анын ичинен 42 миң 261 адам тамчылатып дары, ийне алса, 14 миң 369 адамга медициналык кеңеш берилди. 298 адам ооруканага жаткырылды.


Ал эми түнкү стационарларга 15-июлдан 21-июлга чейин 4 миң 259 адам кайрылган. Анын ичинен 2 миң 195 адам тамчылатып дары, ийне, 2 миң 195 адам медициналык жардам алып, 15 адам ооруканага жаткырылган.


Бишкекте 13 күндүзгү стационар саат 08:00дөн саат 20:00гө чейин, ал эми түнкү 3 стационар саат 20:00дөн саат 08:00гө чейин жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө.


Ар бир стационарда дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатат. Алар жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай, тамак-аш менен камсыздалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн