Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкек шаарындагы стационарларга жалпы канча адам кайрылганы айтылды

29.07.2020 17:52
1055
Бишкек шаарындагы стационарларга жалпы канча адам кайрылганы айтылды


Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарларга жалпы 75 миң 755, түнкү стационарларга 7 миң 220 адам кайрылган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.


Маалыматка караганда, күндүзгү стационарларга 1 миң 753 жаран кайрылган. Алардын ичинен 1 миң 206сы инфузиондук терапиядан өткөн, 534тү медициналык кеңеш алса, 13 бейтап ооруканага жаткырылган. Ал эми түнкү стационарларга 268 адам кайрылган. Каза болгон учурлар катталган жок.


Стационарларда кезек күтүү болгон жок. Шаардагы 13 күндүзгү стационарда 908 орундук, үч түнкү стационарда 265 керебет даярдалган. Ошондой эле ал жерлерде 176 кычкылтек концентратору жана пульсоксиметрлер бар. Медициналык мекемелерде 27 дарыкана иштөөдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн