Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкектеги түтүн көп ооруну козгойт

15.12.2020 13:51
880
Бишкектеги түтүн көп ооруну козгойт

Бишкек шаарындагы кара түтүн бир катар ооруларды козгойт. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл борборунун дарыгери Бурул Жусурова билдирди.

Жусурова шаардагы кара түтүн унаанын, көп кабаттуу турак үйдүн көбөйүшү жана аба желдетилбей калгандыктан болуп жатканын айтат.

"Бишкектеги ооруканалардын биринде 3 жыл бою анализ жүргүзүлүп келет. Түтүн жүрөк-кан тамыр, өпкө, мурун, тамак жана онкологиялык ооруларды козгойт. Кара түтүндөн улгайган жана аталган оорулар менен ооругандар жапа чегүүдө. Анткени түтүн иммунитетти түшүрүп салат", - деди дарыгер.

Ал кошумчалагандай, санэпидкөзөмөл борбору конуштарда желим, резина менен үйдү жылытпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн